Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды

Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды

Түп районунун Каркыра жайлоосунда жаңы заманбап туристтик борбордун курулушу башталганын Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кабарлашты. 

Алардын айтымында, жергиликтүү ишкер өзүнүн курулуш долбоорун сунуштап, колдоо сурап кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ага үстөк пайызсыз 15 млн сом берилген. 
Долбоорго ылайык, 200 адам баткыдай 19 корпус тургузулат. Ошол территорияда административдик имарат, ашкана, конференц-зал, көңул ачуучу зона жана медициналык пункт жайгашат. 

Фонддун билдиришинче, долбоорду ишке ашыруу жаңы жумушчу орундарын эле түзбөстөн эс алуучуларды жана чет өлкөлүк туристтерди заманбап шарттар менен да камсыз кылат. 

Каражаттардын биринчи траншы келип, курулуш иштери уланып жатканы айтылат фонддун маалыматында.  

Мындан тышкары окуңуз

10-декабрь - Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү

10-декабрь - Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү

Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады. Өлкө башчы куттуктоо сөзүндө - бийлик жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга маани берерин билдирди. Ошондой эле мамлекет аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо,

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жалпы 138 социалдык көмүр кампа ачканын “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. "Бишкектеги социалдык кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң 800 сом. Ал эми ар бир облуста, аймакта өзүнчө баалар коюлган. Быйыл, 2025-жылдын

Россия 877 тонна витаминделген унду Кыргызстандын түштүк регионуна жардам катары берди

Россия 877 тонна витаминделген унду Кыргызстандын түштүк регионуна жардам катары берди

Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) Кыргызстандагы директорунун орун басары Сурайя Хан өлкө тургундары үчүн гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшыруу аземине катышканы РФнын Бишкектеги элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 877 тонна витамининделген буудай унун Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жөнөткөн. 2025-жылы Кыргызстандын түштүк аймактарына

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Бишкекте банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл жана туруктуу каржылоону илгерилетүү, ESG-критейрилерин (экологиялык, социалдык жана башкаруу) өнүктүрүү жана банктарды жашыл каржы продуктылары менен иштөөгө даярдоого багытталган тренинг болуп өттү. Бул иш-чараны КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Глобалдык жашыл өсүү институту (GGGI) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте