"Азаттык арена" стадиону "Бишкек арена" деп өзгөртүлдү

"Азаттык арена" стадиону "Бишкек арена" деп өзгөртүлдү

Бишкек шаарынын чет жакасында курулуп жаткан жаңы стадиондун аты эми “Бишкек Арена” деп өзгөртүлөрүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Башында стадиондун аталышы “Азаттык Арена” деп бекитилген болчу. Бирок президент калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш “Бишкек Арена” деп расмий түрдө өзгөртүлдү. Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ”, - деп жазды ал.

Курулуп жаткан жаңы стадионго “Азаттык арена” деген аталыш берилгенин президенттин иш башкаруучусу өзү быйыл кабарлаган эле.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы Ороктогу жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Ал үчүн айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнүп берилген. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Кийинки жылы орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.

Кеңейтилген долбоорго ылайык, стадион 51 миң орундуу болот деп мерчемделген. Курулуш өзүн актап, киреше таап туруусу үчүн анын курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер кошула турган болду. Анда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары кабарланды.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media