Панфилов районундагы Верхний каналы оңдолуп жатат

Панфилов районундагы Верхний каналы оңдолуп жатат

Панфилов районунда жайгашкан Верхний каналы боюнча капиталдык оңдоо иштери активдүү фазада жүрүп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги сайтына жарыялады.  

Эске салсак, 1949-жылы курулган каналдын жалпы узундугу 16,2 километрди түзүп, 2071 гектар сугат аянтын суу менен камсыз кылат. Аймактагы дыйкандар үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каналдын натыйжалуу жана туруктуу иштеши айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн түздөн-түз жогорулатуучу маанилүү фактор болуп саналат.

Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдын 700 метр бөлүгүнө бетон полотно төшөө пландалган.
Бүгүнкү күндө 400 метр бетон полотносу ийгиликтүү төшөлдү. Бул агын суунун жоготууларын азайтууга, сугат тармагындагы натыйжалуулукту жогорулатууга жана дыйкандарга керектүү сууну өз убагында жеткирүүгө шарт түзөт.

Капиталдык оңдоо бүткөндөн кийин каналдагы суу жоготуулары азайып, сугат системасынын ишенимдүүлүгү жогорулары күтүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media