Бишкекте жашыл зоналар 2050-жылга чейин 2400 гектарга чейин кеңейтилет

Бишкекте жашыл зоналар 2050-жылга чейин 2400 гектарга чейин кеңейтилет

Борбор калаанын башкы планын эксперттик талкуулоого арналган иш-чарада шаарды өнүктүрүү документин иштеп чыгуучулар Бишкектин жашыл аймактары сакталып гана тим болбостон, кеңейтилерин да белгилешти.

“Биздин укук” коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева 1991-жылы бир нече сейил бактар (Ч.Айтматов, Кара жыгач токою, Фучик, Жеңиш жана Кычан Жакыпов парктары) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары белгиленгенин, коргоо грамоталары бар экенин баса белгиледи. Бирок, Башкы планда бул макам Каражыгач токою үчүн гана сакталып калган. Ал муниципалдык өкүлдөрдөн шаардын башка сейил бактары эмне болорун, 2050-жылга чейинки башкы план тургундарды жашыл аймактар менен канчалык деңгээлде камсыз кыларын сурады.

Буга улай ал “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, учурда жан башына 6 чарчы метр аянт туура келерин билдирди. Борбор калааны деталдуу пландоого ылайык ар бир шаардыкка 3 чарчы метр гана туура келет.  Эл аралык стандарттар боюнча жан башына 24 чарчы метр деп белгиленген.

Россиялык план иштеп чыгуулардын айтымында, бардык сейил бактардын статусу сакталат жана жашыл аянттар 2400 гектарга кеңейтилет. Башкы пландын башкы архитектору Ирина Гришечкинанын айтымында, жашыл зоналарды кеңейтүү үчүн Бишкектеги жолдордун боюн жашылдандыруу зарыл. 

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media