МИКтен батир алуу 2026-жылдан тарта алдыга жылат

МИКтен батир алуу 2026-жылдан тарта алдыга жылат

Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) 2020-жылдан бери кезекте тургандар эмнеге үй ала албай жатканынын себебин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, 2023-2024-жылдардын ичинде МИК ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен алектенген.

“Биз биринчи батирлерибизди 2024-жылдын декабрынан тарта гана бере баштадык. 2026-жылы кезек алдыга жылат. Бишкек шаары боюнча бир нече этап менен батир берүү пландаштырылган. Тактап айтканда, Маликова көчөсү, 91 дарегиндеги “Мурас”  объектисинде жалпы – 2280 батир бар. Мындан тышкары, биз Волководон – 1320 батир, андан ары “Ынтымак” турак-жай комплексинин биринчи этабында – 918 батир, Тынчтыкпроспектисинен - 120 батир, Кара-Жыгач жаңы конушунан - 105 батир беребиз”, — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал Айтматов көчөсү, 104 дарегиндеги объектиде 665 батир, ал эми Лев Толстой көчөсүндө 280 батир бериле турганын кошумчалаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөгө ишке орноштуруу: министрлик уруксаты бар агенттиктерди атады

Чет өлкөгө ишке орноштуруу: министрлик уруксаты бар агенттиктерди атады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда ишке орношууга көмөктөшкөн агенттиктер боюнча жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында 9 агенттикке карата тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Анын ичинен 6 агенттикке чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу боюнча бир жылдык мөөнөткө уруксат берилди же

Ош туристтик шаар катары мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Ош туристтик шаар катары мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жолугушууда Ош шаарынын туристтик потенциалын жогорулатуу, мейманкана жана тейлөө тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле шаарга келген туристтердин санын көбөйтүү жана тарыхый-маданий

Финкөзөмөл соцтармактагы инвестициялык жарнамалардан сак болууга чакырды

Финкөзөмөл соцтармактагы инвестициялык жарнамалардан сак болууга чакырды

Интернет булактарында жогорку кирешелүүлүктү убада кылган, жабык инвестициялык программаларга катышууну жана кызматташуунун башка түрлөрүн сунуштаган инвестициялык жарнамалар көбөйүүдө. Мындай жарнамалар жарандарда аталган долбоорлордун ишенимдүүлүгү жана кирешелүүлүгү тууралуу жаңылыш түшүнүк жаратышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу инвестициялык чечим кабыл алардан мурда, Финкөзөмөл төмөнкүлөргө көңүл бурууну сунуштайт: * уюмдун мамлекеттик каттоосун жана укуктук статусуна; * инвестициялык

Бишкектин архитектура тармагында TIM CREDO системасы ишке киргизилүүдө

Бишкектин архитектура тармагында TIM CREDO системасы ишке киргизилүүдө

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери топографиялык жана геодезиялык иштерди жүргүзүүдө заманбап TIM CREDO программасын колдонууга өтүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ГИС-топография бөлүмүнүн жана шаар куруу кадастрынын адистери программаны өздөштүрүү боюнча окуудан өтүп, аны ишке киргизүү иштерин