Н.Орунтаев: "Кыргызстан курулуштарында 500-маркадагы гана арматура колдонулат".

Н.Орунтаев: "Кыргызстан курулуштарында 500-маркадагы гана арматура колдонулат".

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде сүйлөп жатып өлкө аймагында жүрүп жаткан бардык курулуштардын сапатына кепилдик бере аларын билдирди.

Анын айтымында, ар бир курулуш объектиси долбоорлоо этабынан башталат. Алгач долбоору даярдалып, тиешелүү макулдашуулардан жана экспертиза органдарынан өтөт. Андан кийин гана мамлекеттик реестрге катталып, курулуш иштери башталат.

“Реестрге катталган ар бир объектке министрликтин өкүлдөрү бекитилет. Алар курулуштун бардык этабын көзөмөлдөп, туруктуу түрдө текшерип турушат. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуу же кемчилик аныкталса, айып пул салынып, бузуу жана кайра куруу талап кылынат. Курулуштун ар бир этабы көзөмөлдө турат. Бүгүнкү күндө курулуштардын сапаты жогору деп ишенимдүү айта алам”, - деди министр.

Министр курулуш иштериндеги арматуранын сапатына да токтолду. Ал белгилегендей, Кыргызстанда арматуранын 500-маркадагы түрү гана колдонулат.

"Мындан тышкары Кыргызстан сейсмикалык активдүү аймакта болгондуктан ар бир курулуш объектилери 8-9 баллга чейинки жер титирөөгө туруктуу болуп курулууда”,-деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media