Чоң-Алайдан келген делегат Жекенди айылына заманбап логистикалык борбор курууну суранды

Чоң-Алайдан келген делегат Жекенди айылына заманбап логистикалык борбор курууну суранды

Ош облусунун Чоң-Алай районунан келген делегат Орозбай Абдилазизов 25-декабрда IV Элдик курултайдын алкагында Жекенде айылында заманбап логистикалык борбор куруу өтүнүчү менен кайрылды.

Анын айтымында, Карамык көзөмөл пунктунда реконструкция иштери жүргүзүлүп, ал расмий түрдө пайдаланууга берилген.

"Эгер көзөмөл пунктуна эл аралык макам берилсе, Кытай Эл Республикасынан Тажикстанга Чоң-Алай району аркылуу жүк ташуулардын көлөмү өсөт. Натыйжада Сары-Таш — Карамык автоунаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын саны кескин көбөйөт, — деди делегат.

Орозбай Абдилазизов Жекенди айыл өкмөтү Жекенди айылындагы 30 гектар аянттагы жер тилкесин (Жалгыз Арча участогу) өнөр жай, транспорттук инфраструктура, коопсуздук жана башка багыттар үчүн жер категориясына өткөргөнүн маалымдады.

Ал делегат аталган жер тилкесине заманбап логистикалык борбор курууну суранды. "Эгер мындай борбор курулса, бүгүнкү күндө дотацияда турган Жекенди айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө олуттуу түрдө жардам берет", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарын шаарындагы Таалай көчөсүнө жаандан улам топтолгон сууларды агызуу үчүн арык салынат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, арык салууга жергиликтүү казынадан 833 миң сом бөлүнгөн. Учурда "Жашылдандыруу" муниципалдык мекемеси тендерде жеңүүчү болгон ишкана менен келишим түздү. Мындан тышкары, өткөн жылы асфальт төшөлгөн Таалай

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы балдар ооруканасынын жалпы аянты 2 959,82 чарчы метрди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 193 млн 965 миң 441 сом деп көрсөтүлгөн. Мекемеде УЗИ, ЭКГ, рентген

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү: • Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр; • Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр; • "Алтын-Ордо"

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары электрондук форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандар жана уюмдар тиешелүү маалыматтык системалар аркылуу арыздарын аралыктан тапшырып, алардын каралуу процессине көз салып, мамлекеттик органдарга барбастан керектүү документтерди ала алышат. Негизги маалыматтык системалар: • Мамлекеттик экспертиза департаменти – мамлекеттик