УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын имараты ишке берилди

УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын имараты ишке берилди

УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөнүн атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, атайын күчтөрдүн кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, эрдигин жана Мекенге берилгендигин белгиледи.

Ошондой эле ал жаңы имараттын иштөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аны менен катар "Альфа" атайын багыттагы кызматы үчүн спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземи да өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы балдар ооруканасынын жалпы аянты 2 959,82 чарчы метрди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 193 млн 965 миң 441 сом деп көрсөтүлгөн. Мекемеде УЗИ, ЭКГ, рентген

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү: • Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр; • Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр; • "Алтын-Ордо"

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары электрондук форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандар жана уюмдар тиешелүү маалыматтык системалар аркылуу арыздарын аралыктан тапшырып, алардын каралуу процессине көз салып, мамлекеттик органдарга барбастан керектүү документтерди ала алышат. Негизги маалыматтык системалар: • Мамлекеттик экспертиза департаменти – мамлекеттик

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

13-августта Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Мезгил кутучасын салуу аземине Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар