Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди

Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүш багытындагы объект расмий түрдө ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган иш-чара IV Элдик куралтайдын алкагында өткөрүлдү.

Социалдык объекттердин ичинен:

  • Чаткал районунда – А. Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Ак-Таш айылындагы спорт зал жана Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
  • Аксы районунда – №12 К. Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
  • Токтогул районунда – спорт комплекси;
  • Сузак районунда – Ж. Турусбеков атындагы №7 мектептин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты.

Ошондой эле өндүрүш багытындагы объекттердин ичинен Сузак районунун Барпы айылындагы "ОРИС НПЗ" ЖЧКсынын битум заводунун өндүрүшү кеңейтилип, "Маркай" көмүр кени ишке киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16