В Кыргызстанда 11 айда 8 614 жеке турак үй курулган

В Кыргызстанда 11 айда 8 614  жеке турак үй курулган

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстанда жалпы аянты 1 174,7 миң чарчы метрди түзгөн 8 614 жеке турак жай пайдаланууга берилип, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көп болгон.

2025-жылдын 11 айында жеке турак жай курууга негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү, баалоо боюнча, 34 655,7 млн сомду түздү. Бул 2024-жылдын январь–ноябрь айларына салыштырмалуу 5,3%га көп.

Жеке турак жай курууга багытталган каражаттардын үлүшү өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндө 12,2%ды түздү (2024-жылдын январь–ноябрында — 13,6%).

Жеке турак жайлардын негизги бөлүгү — 77,1%ы — Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

Айыл жергесинде 646,7 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилген, бул жалпы киргизилген турак жайдын көлөмүнүн 55,1%ын түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

13-августта Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Мезгил кутучасын салуу аземине Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар

Кыргызстанда картошка, сүт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда картошка, сүт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөрдүн баасы жогорулап, кээ бир товарлар арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүргүзгөн салыштырма мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болду. Мониторинг Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Россиядагы негизги азык-түлүктөрдүн бааларына жүргүзүлгөн. Кыргызстанда картошканын баасы 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, тоок жумурткасы 0,

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин

Улуттук банк акчаны адалдоого каршы талаптарды күчөтүүнү сунуштоодо

Улуттук банк акчаны адалдоого каршы талаптарды күчөтүүнү сунуштоодо

КРнын Улуттук банкы акчаны адалдоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды жаңылоону сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоор КРнын мыйзамдарын ФАТФтын эл аралык стандарттарына жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун сунуштарына, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле Улуттук банктын