Бишкек башкы архитектуранын бардык баш тартуулары 1-февралдан тарта онлайн берилет

Бишкек башкы архитектуранын бардык баш тартуулары 1-февралдан тарта онлайн берилет

2026-жылдын 1-февралынан тартып Бишкек шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы (Бишкекбашкыархитектура) тарабынан берилген бардык баш тартуулар арыз ээлеринин жеке кабинети аркылуу электрондук форматта гана берилет.

"Бишкекбашкыархитектура" билдиргендей, бул чечим мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Жаңы тартип шаар тургундары үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

  • баш тартуу кагазын алуу үчүн мекемеге жеке барып келүүнүн зарылдыгы жок;
  • документке онлайн режиминде, каалаган убакта жеткиликтүүлүк;
  • адам фактору жана ашыкча байланыштар жоюлат;
  • арыздарды кароо процесси ылдамдап, түшүнүктүүрөөк болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда картошка, сүт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда картошка, сүт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөрдүн баасы жогорулап, кээ бир товарлар арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүргүзгөн салыштырма мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болду. Мониторинг Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Россиядагы негизги азык-түлүктөрдүн бааларына жүргүзүлгөн. Кыргызстанда картошканын баасы 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, тоок жумурткасы 0,

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин

Улуттук банк акчаны адалдоого каршы талаптарды күчөтүүнү сунуштоодо

Улуттук банк акчаны адалдоого каршы талаптарды күчөтүүнү сунуштоодо

КРнын Улуттук банкы акчаны адалдоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды жаңылоону сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоор КРнын мыйзамдарын ФАТФтын эл аралык стандарттарына жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун сунуштарына, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле Улуттук банктын

Айыптоочулар Ташиев баш болгон саясатчыларга катаал жаза берүүнү суранды

Айыптоочулар Ташиев баш болгон саясатчыларга катаал жаза берүүнү суранды

Башкы прокуратура "75чилер иши” боюнча өкүмгө даттануу менен кайрылып, айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.  Анын айтымына караганда, айыпталуучулар мурда акталган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча прокуратура өкүмдүн актоо бөлүгүн жокко чыгарууну жана жаза мыйзамда белгиленген чектерде болушун суранууда.