Декларация-2024: Президенттин кандай мүлкү бар?

Декларация-2024: Президенттин кандай мүлкү бар?

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары боюнча жыйынтык маалыматтарды жарыялады.

Берилген маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдагы кирешеси 2 млн 214 миң 482,38 сомду түзгөн. Чыгымдары декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Президенттин менчигинде:

  • аянты 2627 чарчы метрди түзгөн бизнес-борбор;
  • Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан 63 сотых айыл чарба багытындагы жер тилкеси;
  • 21 сотых жер тилкеси бар.

Кыймылдуу мүлкүнөн 100 миң сомго бааланган "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа көрсөтүлгөн.

Ошондой эле президенттин декларациясында 1 млрд 163,5 млн сом сумма көрсөтүлгөн — бул акча каражаттарын легалдаштыруу катары белгиленген. Президенттин жакын туугандарынын бир жылдык кирешеси 29 млн 706 миң 840 сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып