МКУ былтыр 8 млн 508 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөн

МКУ былтыр 8 млн 508 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөн

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) камсыздандыруунун негизги түрлөрү боюнча жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 8 508 695,88 сом өлчөмүндө төлөмдөрдү жүргүзгөнүн аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң бөлүгү автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууга туура келет.

Төлөнгөн каражаттардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • ОСАГО — 6 256 270 сом;
  • Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу — 1 608 099 сом;
  • Жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу — 644 326,88 сом.

Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр уюмдун камсыздандырылган жарандар алдындагы өз милдеттенмелерин убагында жана толук көлөмдө аткарып жаткандыгын тастыктайт. 

Мындан тышкары окуңуз

Балык чарбасында жаңы долбоорлор: өндүрүш жана кайра иштетүү кеңейет

Балык чарбасында жаңы долбоорлор: өндүрүш жана кайра иштетүү кеңейет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 12-августта "Салих Аква" балык чарба комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Маалыматка караганда, ишкана жылына 5 миң тонна балык тоютун өндүрүү, икра инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын жүргүзүү, ошондой эле балыкты кайра иштетүү

Өзгөн шаарынын коммуналдык чарбасы  атайын техникалар менен толукталды

Өзгөн шаарынын коммуналдык чарбасы атайын техникалар менен толукталды

Өзгөн шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаага "Беларусь-952" трактору, "Hyundai R60W" дөңгөлөктүү экскаватору жана "Chevrolet Tracker" үлгүсүндөгү атайын техника алынып, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов шаардык мэрияга тапшырды. Жаңы техникалар шаар

Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды

Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды

Талас шаарындагы "Нургазы" соода базарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 73 контейнер иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сарыгулов жана Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Чүйдө жасалма документтерди колдонуп, чет өлкөдөн келген унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. аттуу жаран Сокулук-Москва райондук каттоо бөлүмүнө "Belgee X50" үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик каттоодон