"Бина Групп" компаниясына 200 миң сом айып салынды

"Бина Групп" компаниясына 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерип, Океев көчөсү 9 жана 11 даректеринде жайгашкан беш кабаттуу окуу борборунун курулушунда олуттуу мыйзам бузууларды аныктады.

Ведомствонун маалыматына караганда, объектте курулуш нормалары жана техникалык талаптар сакталган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы компания "Бина Группка" карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюу талабы менен жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Министрлик мындан ары да курулуштагы коопсуздук жана сапат боюнча көзөмөлдү күчөтөрүн эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Аксыда райондук соттун жаңы имараты курулат

Аксыда райондук соттун жаңы имараты курулат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук соттун жаңы административдик имараты курулат. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, район акими

Баткенде сууга агып кеткен адамды 90 киши издеп жатат

Баткенде сууга агып кеткен адамды 90 киши издеп жатат

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерине Баткен району боюнча ӨКБнын өздүк курамы, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 9 куткаруучусу, ИИМдин 38 кызматкери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Жалпысынан 90 адам

Салык кызматы ишкерлерди ЭСФ 2.0 системасын сыноого катышууга чакырууда

Салык кызматы ишкерлерди ЭСФ 2.0 системасын сыноого катышууга чакырууда

Мамлекеттик салык кызматы ЭСФ 2.0 электрондук эсеп-фактурасынын жаңы модулун пилоттук режимде ишке киргизип, ишкерлерди аны сыноого катышууга чакырды. Салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» Мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, ишкерлер жаңы системаны колдонуп гана тим болбостон, анын мындан аркы иштешине сунуш-пикирлери аркылуу таасир эте алышат. Ишкерлердин сунуштары системаны акыркы

Ошто 75 орундуу жаңы бала бакча курула баштады

Ошто 75 орундуу жаңы бала бакча курула баштады

Бүгүн Ош шаарында 75 орундуу жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы бала бакча Абдыкапар Базаров көчөсүнүн №53/1 дарегинде курулат. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу