"Дөөлөт курулуш" компаниясынын бир топ алешемдиктери аныкталды

"Дөөлөт курулуш" компаниясынын бир топ алешемдиктери аныкталды

 Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев президенттин тапшырмасы менен Шопоков шаарындагы "Дөөлөт курулуш" компаниясынын курулуш объекттеринин абалын жеринен текшергенин "Кабар" жазды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө миңден ашуун үлүштүк курулушка катышуучулар (дольщиктер) аталган компанияга ишенип, 1 млрд сомдон ашык каражат төлөшкөнү маалым болду. Айрымдары кийинчерээк каражаттарын кайра алып кеткенине карабастан, компаниянын эсептеринде үлүш ээлеринин акчасынан 900 млн сомдон ашык сумма калууга тийиш экени айтылган.

Ошол эле учурда курулуш иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Көпчүлүк блоктор котлован деңгээлинде калып, айрым участоктордо бир да кабат көтөрүлгөн эмес.

Белгиленгендей Шопоков шаарынын мэриясы компанияга ири жер тилкесин бөлүп берген. Маалыматка ылайык, жер тилкесинин аянты 8 гектардан ашык. Кезегинде компания 140 батирди шаардык мэриянын балансына өткөрүп берүүгө милдеттенме алган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бул талаптардын аткарылышы боюнча реалдуу жыйынтык жок.

Ушуга байланыштуу жарандардын ишеними жана каражаты менен мындай жоопкерчиликсиз мамиле кылууга жол берилбестиги белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16