Манас шаарында 550 орундук мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 550 орундук мектеп курулуп жатат

Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Дөмөр айылында 550 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу улантылып жатат. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык ал 2025-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жумуштардын 45%ы аткарылды.

Жаңы мектептин долбоорунда 18 окуу кабинети, спорт залы, акты залы жана ашкана каралган.

Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун тендердик баасы 158 миллион сомду түзөт.

Учурда курулуш аянтчасында 40ка жакын жумушчу эмгектенүүдө.

Белгилей кетсек, мурдагы мектеп имараты 1962-жылы ашар ыкмасы менен курулган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Грузия салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Грузия салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки өлкөнүн салык системалары ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө ал Грузиянын Каржы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушуп, салыктык жана бажылык башкарууну өркүндөтүү, санариптик кызматтарды жакшыртуу

Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлга эл аралык экспедицияга катышат

Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлга эл аралык экспедицияга катышат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова “Росатомдун” - “Билимдин муз жаргычы” эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун жеңүүчүсү болуп таанылды. “Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуучу долбооруна катышуучуларды тандоо 5-майда башталып, үч этап менен өттү. Ага Армения, Бангладеш, Беларусия, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет,

Нурлан Мотуев каза болду

Нурлан Мотуев каза болду

Саясатчы, коомдук ишмер, Нурлан Мотуев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Нурлан Мотуев катуу ооруп жүргөндүгү кабарланган. Мотуев 2005-жылдагы бийлик алмашуу окуяларына жигердүү катышып, ошондон тарта саясатта өзүнүн оюн ачык билдирип келген. Нурлан Мотуев 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Кыргызстандын

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, өзбекстандыктар келген соң жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Каттоону онлайн же Калкты тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырууга болот. “Эгерде 60 күндөн ашык калуу пландалса, виза алып, каттоону узартуу зарыл”, – деп белгилешти мекемеден.