Сузакта эски аба майданы мамлекетке кайтарылды

Сузакта эски аба майданы мамлекетке кайтарылды

Сузак районунда 12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданы мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.

Тагыраагы Сузак районундагы "Плодородие" бирикмесине тиешелүү стратегиялык аэродром реформалар учурунда коррупциялык схемалар менен жеке менчикке өтүп кеткен.

2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. мыйзам бузуу менен аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы М.С.га өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.

Бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аянты 12,8 гектар болгон көрсөтүлгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

"Учурда УКМК мурда айыл чарба химия системасынын ишканаларына тиешелүү болгон бардык жерлердин мыйзамдуулугун комплекстүү текшерип жатат, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусу менен Кытайдын жаңы кызматташтык багыттары талкууланды

Ош облусу менен Кытайдын жаңы кызматташтык багыттары талкууланды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 13-августта Кытайдын Ош шаарындагы Башкы консулу Ли Минчэ менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-кытай достук мамилелерин жана аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду. Аманкан Кенжебаев Ли Минчэни жаңы

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген жарнамалар алынды

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген жарнамалар алынды

Бишкектин Ленин районунда өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо жана башаламан жайгашкан электр, интернет кабелдерин иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер 11-августта Чүй проспектисинин Павлов, К. Кулиев жана Б. Бейшеналиева көчөлөрү менен кесилишкен тилкелеринде жүргүзүлгөн. Ошондой эле Манас көчөсүнөн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө чейинки аралык

"Сары-Челек" коругунда жаңы өткөрмө бекети курула баштады

"Сары-Челек" коругунда жаңы өткөрмө бекети курула баштады

"Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда өткөрмө бекетинин пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, коруктун кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жаратылышты коргоо тармагынын

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөө жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду. Долбоор салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайыкташтыруу жана салыктык башкарууну санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында даярдалган. Долбоорго ылайык, ЭЭФти толтурууда көрсөтүлүүчү милдеттүү маалыматтар такталууда. Анын ичинде: * товарды, жумушту же кызматты сатуучунун жана сатып алуучунун идентификациялык номери,