Бишкек мэриясынын жанына административдик имарат курулат

Бишкек мэриясынын жанына административдик имарат курулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмир Марлисбеков муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында мэриянын имаратынын жанындагы унаа токтотуучу жайдын аймагында эмне куруларына кызыкты.

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эрмек Арымбаев бул жерде жаңы административдик имарат курулуп, анын астына унаа токтотуучу жай (паркинг) жайгаштырылаарын билдирди. Анын айтымында, учурда пландоо жана даярдык иштери жүрүп жатат, бир нече эскиздер бар жана долбоорлоо иштери параллелдүү жүргүзүлүп жатат.

Муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Эркин Бахтияров Арымбаевден жаңы курулуштун долбоору али даяр боло элек болсо, мэриянын жанындагы азыркы унаа токтотуучу жай кайсы негизде жабылганын сурады. Ошондой эле ал объект мамлекеттик реестрге катталмайынча унаа токтотуучу жайды ачып туруу керектигин жана параллелдүү долбоорлоого жол берилбеши керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, башкармалыктын жетекчисинен жер алдындагы унаа токтотуучу жай көп деңгээлдүү болобу жана курулушка канча каражат каралган деген суроолор берилди. Арымбаев жер алдындагы паркинг эки деңгээлдүү болорун, ал эми курулушка керектелчү каражаттын суммасы азырынча так аныктала электигин айтты.

Депутаттар шаар тургундары жана мекеме кызматкерлери үчүн унаа токтотуучу жайлар жетишсиз болгондуктан, учурдагы паркингди кайрадан ачуу сунушун киргизишти.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media