Депутат "кызыл сызыкта" калгандар маселесин чечүүнү көтөрдү

Депутат "кызыл сызыкта" калгандар маселесин чечүүнү көтөрдү

Депутат Умбеталы Кыдыралиев "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында мэрияны кызыл сызыктарга байланыштуу маселелерди чечүүдө Конституциянын нормаларын сактоого чакырды.

Ал Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыровдон кызыл сызыктар эмне экенин тактап сурады. Кадыров жооп берип, кызыл сызыктар — жолдорду, тротуарларды, велосипед жолдорун, кабелдерди, канализацияларды, парк жана скверлерди, ошондой эле башка инфраструктуралык объекттерди камтыган жөнгө салуу сызыктары экенин түшүндүрдү.

Кыдыралиев 1991-жылдан бери шаарда башаламан курулуш жүрүп келгенин белгиледи: "Бул жылдар ичинде кызыл сызыктар толугу менен бузулган, көп жерлерде көп кабаттуу үйлөр жана башка объектилер курулган. Натыйжада коомдук кризис автоматтык түрдө пайда болууда. Биз эмне кылалы? Конституцияда менчик укугу сакталат деп жазылган. Бирок шаардагы көйгөйлөрдү чечүү да зарыл: демографиялык өсүш уланып жатат, миграция жүрүп жатат", — деди депутат.

Кадыров жооп катары, 2025-жылы мэрия бул багытта иштерди баштаганын айтты: "Ооба, Конституцияда жазылган, бирок мыйзамга ылайык бул маселелер, негизинен, компенсация төлөмдөрү аркылуу чечилет", — деп түшүндүрдү ал.

Депутат Кыдыралиев бул маселени акырындап чечип, компенсация төлөп, жер алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media