Жумуш учурунда каза тапкандарга 111 млн сом кенемте төлөндү

Жумуш учурунда каза тапкандарга 111 млн сом кенемте төлөндү

Былтыр жумуш учурунда каза тапкан жарандарга 111 млн сом кенемте төлөнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 28 инспектор 1173 текшерүү жүргүзүп, эмгек мыйзамдарынын 1885 бузулушун аныктаган. Окуялардын арасында 161 жабырлануучу катталып, алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63 адам каза болгону маалым болгон.

Салынган айып пулдардын суммасы 8,8 млн сомду түзүп, анын ичинен 6,9 млн сому өндүрүлдү. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн кенемтелер 111 млн сомду түздү.

Кызматкерлерге эсептелген эмгек акынын жалпы суммасы 14,7 млн сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөө жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду. Долбоор салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайыкташтыруу жана салыктык башкарууну санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында даярдалган. Долбоорго ылайык, ЭЭФти толтурууда көрсөтүлүүчү милдеттүү маалыматтар такталууда. Анын ичинде: * товарды, жумушту же кызматты сатуучунун жана сатып алуучунун идентификациялык номери,

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте 2027-жылдан тартып пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 11-августта мэрдин орун басары Рамиз Алиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву менен жолугушту. Анда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорунун учурдагы абалы жана аны мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан Кыргызстанга келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда жашылча-жемиштердин таңгагында милдеттүү эн белги жок экендиги аныкталган. Адистердин айтымында, азыктарды тиешелүү белгисиз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 74,1 млн сом болгон дары-дармектердин 60 түрүнүн жарактуулук