Ошто Даун синдрому бар балдарга ресурстук борбор ачылды

Ошто Даун синдрому бар балдарга ресурстук борбор ачылды

Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу жана ата-энелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбор ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.

Учурда "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондуна Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча 300дөн ашуун ата-эне катталып, алардын ичинен 70и Ош шаарынын тургундары болуп саналат.

Ош шаарынын мэриясы "Сантерра-Юг" кайрымдуулук фондуна Амир-Тимур көчөсүнөн 200 чарчы метрлик имаратты 5 жылга ижарага берди. Учурда бул фонд түштүк аймагындагы 300дөн ашык ата-энеге жана алардын балдарына социалдык-психологиялык жардам көрсөтүп келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты