Бишкекте бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөт

Бишкекте бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөт

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөрүн Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, учурда муниципалитетте тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат жана шаардын аймагын толугу менен санариптештирүү пландалууда.

"Биз кайсы жер тилкелери ижарада экенин, кайсылары бош экенин так көрсөтүп, элге маалымат бере алабыз", — деди ал.

Ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 49 миллиард сом багыттала турганын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады. Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы аккредитациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Лаборатория Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитацияланып, ага № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди. Министрликтин маалыматына караганда, лаборатория өлкөдөгү ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи болуп аккредитациядан өттү. Анда топурактын,