"Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев

"Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев

Депутат Азамат Исираилов 2026-жылдын 5-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында Ош шаарындагы "Эмаком" курулуш компаниясына таандык көп кабаттуу үйдө жылуулук жоктугун билдирди. Ал белгилегендей, киргизилген чектөөлөргө байланыштуу адамдар электр шаймандарын колдонууга да мүмкүнчүлүк алышпай жатышат.

Депутат тургундарга документтер боюнча жардам көрсөтүүнү сурады. Бул боюнча курулуш министри Нурдан Орунтаев "Эмаком" компаниясы учурда банкрот болуп калганын айтты.

"Алардын акчасы жок жана Ош менен Бишкектеги объекттери көйгөй жаратууда. Объекттердин жарымы бүткөрүлгөн, жарымы болсо — жок", — деди министр.
Орунтаев бүткөрүлгөн объекттерди пайдаланууга берүү маселесин чечүүгө аракет жасап жатканын кошумчалады.

"Жакын арада дагы жаңылыктар болот, бирок анан маалымат беребиз", — деп убада берди ал. Министр күмөндүү курулуш компанияларынан батир сатып албоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөө жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду. Долбоор салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайыкташтыруу жана салыктык башкарууну санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында даярдалган. Долбоорго ылайык, ЭЭФти толтурууда көрсөтүлүүчү милдеттүү маалыматтар такталууда. Анын ичинде: * товарды, жумушту же кызматты сатуучунун жана сатып алуучунун идентификациялык номери,

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте 2027-жылдан тартып пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 11-августта мэрдин орун басары Рамиз Алиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву менен жолугушту. Анда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорунун учурдагы абалы жана аны мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан Кыргызстанга келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда жашылча-жемиштердин таңгагында милдеттүү эн белги жок экендиги аныкталган. Адистердин айтымында, азыктарды тиешелүү белгисиз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 74,1 млн сом болгон дары-дармектердин 60 түрүнүн жарактуулук