Майлуу-Суу заводунун аймагында индустриалдык парк ачылат

Майлуу-Суу заводунун аймагында индустриалдык парк ачылат

Майлуу-Суу электролампалар заводунун аймагында индустриалдык парк ачыларын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал бул билдирүүнү депутат Табылды Муратбековдун заводдогу айлык маяналар боюнча карыздар толук төлөндүбү жана кызматкерлердин жумуштан бошотулушу Майлуу-Сууда жумушсуздуктун өсүшүнө алып келбейби деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, мамлекет заводдун бардык 550 кызматкерине үч айлык айлык маяна боюнча карызды толугу менен жапты.

"Биз аларга эгер кааласаңар ыктыярдуу түрдө жумуштан кетсеңер, эки айлык маяна төлөп беребиз. Эгер күтүп, убактылуу айлыксыз калууга макул болсоңор, жумуш ордуңар сакталат жана жакын арада кайра иш менен камсыз кылабыз. Ал эми 248 млн сом өлчөмүндөгү коммуналдык кызматтар боюнча карыздар жана кредиттик милдеттенмелер боюнча айтсак, булардын баарын мамлекет өзүнө алды, анткени бул завод боюнча маселе президенттин көзөмөлүндө", — деди ал.

Ал ошондой эле учурда заводдун аймагында айнек идиштерди чыгаруучу ишкана иштеп жатканын кошумчалады.

"Ал жерде болжол менен 200 адам эмгектенет. Ишкананы колдоо үчүн 187 млн сом айланма каражат катары бөлүндү. Бул каражат ишкананын төрт айлык ишине жетет. Ошондой эле жарык диоддуу лампаларды чыгаруу боюнча бир өндүрүш линиясы бар, биз алардын санын бешке чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул максатка 200 млн сом каралууда. Мындан тышкары, жылуулоочу минералдык пахта өндүрүшүн жолго коюу боюнча инвестор менен иштер жүргүзүлүүдө, чийки зат базасы 700 миң тонна", — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
"Азыртадан эле ишкерлер тарабынан кызыгуу бар. Мисалы, инвесторлор фармацевтикалык завод курууну каалап жатышат. Алар 20 миң гектар жер сурап, салыктардан бошотууну өтүнүшүүдө. Алар жыл аягына чейин 500гө чейин жумуш орунун түзө алабыз деп айтышууда. Эгер бул долбоорлордун баары ишке ашса, Майлуу-Суу заводунун бир да кызматкери жумушсуз калбайт", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media