"Ала-Арча" мамлекеттик паркынын кирешеси 3 жылда 262,7 млн сомго чейин жеткен

"Ала-Арча" мамлекеттик паркынын кирешеси 3 жылда 262,7 млн сомго чейин жеткен

2022–2025-жылдар аралыгында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынан түшкөн киреше 65,8 млн сомдон 262,7 млн сомго чейин, башкача айтканда дээрлик төрт эсеге өскөнүн Президенттин иш башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кирешенин кескин өсүшү санариптештирүү, башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана туристтик инфраструктураны активдүү өнүктүрүү менен байланыштуу. Акыркы жылдары парк аймагында төмөнкү жаңы объектилер пайда болду:

  • коттедждер жана мейманкана;
  • мончо комплекстери;
  • ресторандар жана кеңейтилген эс алуу (рекреациялык) кызматтары.

2024-жылы "Жылуу булактар" комплекси парктын балансына өткөрүлүп, бул экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Жакынкы убакта аркан жолду ишке киргизүү күтүлүүдө, ошондой эле родельбан курулушу уланып жатат. Аркан жолдун узундугу 1 миң метрди түзөт.

2025-жылдын 1-майынан тартып "Ала-Арча" паркынын аймагына кадимки автотранспорттун кирүүсүнө тыюу салынган. Аймакта жөө жүрүүгө жана электромобилдер менен гана жүрүүгө уруксат берилет. Бийлик өкүлдөрү бул чара тейлөөнүн сапатын жакшыртып, коноктордун коопсуз жана ыңгайлуу эс алуусуна шарт түзгөнүн белгилешет.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым аймактарда атмосфералык абадагы азот кошкычкылынын концентрациясы белгиленген чектен ашканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынан кийин шаардан жана Ново-Николаевка айылынан абанын үлгүлөрүн алган. Мониторинг Кара-Балтадагы 40

Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Күн мурун Президенттик администрацияда бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Жолугушууну Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев өткөрдү. Анда мамлекет менен бизнестин кызматташуусу жана ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду жакшыртуу маселелери талкууланды. Бакыт Торобаев ишкерлердин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын

Еропаны эмес, жорго багууну тандаган – Адилет Мукашев

Еропаны эмес, жорго багууну тандаган – Адилет Мукашев

Адилет Мукашев төрт тилде эркин сүйлөгөн, билимдүү юристтердин бири. Ал билимин өркүндөтүп, Европа же АКШга кеткенге мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, Европаны эңсебей, жылкыны сүйгөндүктөн Кыргызстанда калууну туура тапкан. “Ишкер медиа” Адилет Мукашевдин дүйнө кезип акча таппай эле, асыл тукум жорголорду багып, өз айылында ири ийгиликтерге жетип жатканына күбө болдук. Тоң районунун

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

6-7-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында үч макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйынында билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилип, анын 13ү кеңейтилген форматта каралды. Биринчи макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногунда электрондук сооданы