Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №61 мектептин жанындагы курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулушка байланыштуу укук берүүчү документтер кайтарылып алынганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда №61 мектептин жанында 14 кабаттуу турак жай имараты курулуп жатканы тууралуу жарандардын видео кайрылуусу тараган.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар курулуштун мыйзамдуулугун, ошондой эле балдардын коопсуздугу камсыздалып жатканын текшерүү максатында кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым аймактарда атмосфералык абадагы азот кошкычкылынын концентрациясы белгиленген чектен ашканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынан кийин шаардан жана Ново-Николаевка айылынан абанын үлгүлөрүн алган. Мониторинг Кара-Балтадагы 40

Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Күн мурун Президенттик администрацияда бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Жолугушууну Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев өткөрдү. Анда мамлекет менен бизнестин кызматташуусу жана ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду жакшыртуу маселелери талкууланды. Бакыт Торобаев ишкерлердин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын

Еропаны эмес, жорго багууну тандаган – Адилет Мукашев

Еропаны эмес, жорго багууну тандаган – Адилет Мукашев

Адилет Мукашев төрт тилде эркин сүйлөгөн, билимдүү юристтердин бири. Ал билимин өркүндөтүп, Европа же АКШга кеткенге мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, Европаны эңсебей, жылкыны сүйгөндүктөн Кыргызстанда калууну туура тапкан. “Ишкер медиа” Адилет Мукашевдин дүйнө кезип акча таппай эле, асыл тукум жорголорду багып, өз айылында ири ийгиликтерге жетип жатканына күбө болдук. Тоң районунун

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

6-7-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында үч макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйынында билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилип, анын 13ү кеңейтилген форматта каралды. Биринчи макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногунда электрондук сооданы