Бишкектеги курулуш компанияларына 400 миң айып пул салынды

Бишкектеги курулуш компанияларына 400 миң айып пул салынды

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы рейддик иш-чараларды жүргүзүп төмөнкү курулуш объекттеринде бир катар мыйзам бузуулар аныктады.

  • Н. Коперник көчөсү, 26/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак жай комплекси;
  • Ж. Баатыр көчөсү, 50а дарегиндеги 14 кабаттуу турак жай үйү.

"Аталган объекттерде курулуш нормаларынын (“Курулуш өндүрүшүн уюштуруу”) талаптары жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын жоболору бузулгандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, объекттин бирдиктүү паспорту жок болуп, коопсуздук техникасынын талаптары сакталган эмес", — деп маалымдады министрлик.

Минкурулуштун маалыматы боюнча, курулуш компанияларына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Ошондой эле 400 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Курулуш министрлигинин маалымат базасына ылайык:

Н. Коперник көчөсү, 26/1 дарегиндеги "Светлый" турак жай комплексинин подрядчысы — "Памир Строй" ЖЧКсы, буйрутмачысы — "ATA STROY" ЖЧКсы, долбоорлоочусу — "Ренн Магна Бэйсис" ЖЧКсы.

Ал эми Ж. Баатыр көчөсү, 50а дарегиндеги "Сирень" турак жай комплекси "Партнер Р-Групп" ЖЧКсына таандык. Бул объектте компания буйрутмачы жана подрядчы катары иш алып барат. Долбоорлоочу — "Партнёр проект" ЖЧКсы.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media