Бишкекте 180 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн документи тапшырылды

Бишкекте 180 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн документи тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы Ажыбек Баатыр көчөсү 1/5, 1/6, 1/7 даректеринде жайгашкан 3 блоктон турган 9 кабаттуу, 180 батирлүү турак үйдүн пайдаланууга берүү актысын тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Аталган объект “Восток Строй Инвест” компаниясы тарабынан курулган. Бирок жер тилкесине байланыштуу коңшу субъекттер менен болгон соттук териштирүүлөрдөн улам турак үйдү пайдаланууга берүү маселеси 10 жыл бою чечилбей келген.

Министр Нурдан Орунтаев турак үйдүн жашоочулары менен жолугуп, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан тарта турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди системалуу чечүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Буга чейин объект расмий пайдаланууга берилбегендиктен, тургундар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу боюнча кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Ошондой эле алар коммуналдык кызматтарды узак убакыт бою өнөр жай тарифтери менен төлөп келишкен.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көп жылдан бери чечилбей келген маселелер жөнгө салынып, турак үй расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул эми тургундарга батирлерин мыйзамдаштырууга, керектүү документтерди алууга жана коммуналдык кызматтарды белгиленген тарифтер боюнча пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Бүгүн Коргоо министрлигинде министр Руслан Мукамбетов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чаралар жана аскер кадрларын даярдоо маселелери каралды. Ошондой эле Кыргызстанда

Ишкер Media
Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө баа берүү боюнча ички жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү өзгөртүү Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы токтому менен бекитилген жобого киргизилди. Жаңы талаптарга ылайык, банктар тобокелдиктерди баалоодо күнүмдүк ишинде туш болгон тобокелдиктердин бардык түрүн эске алышы керек. Анын ичинде сандык баа берүү

Ишкер Media
Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди

Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди

Каракол шаарында туристтер үчүн атайын автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми алыскы жана жакынкы аймактардан келген саякатчылар шаардын тарыхый, маданий жана туристтик жайлары менен ыңгайлуу шартта тааныша алат. Автобус Караколдогу белгилүү объектилерге, тарыхый комплекстерге, музейлерге жеткирип, алардын тарыхы тууралуу маалымат берет.

Ишкер Media
Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Бордоп семиртилген малдын этинин өздүк наркы жайыттагы малга караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Кыргызстанда эттин чекене баасына малды багуу технологиясы, тоюттун наркы, салмак кошуу көрсөткүчү, ветеринардык тейлөө, транспорт жана башка чыгымдар түздөн-түз таасир этет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, бордоп семиртүү шартында

Ишкер Media