Бишкек шаардык мэриясы: Муниципалдык мүлктү сатууга тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы: Муниципалдык мүлктү сатууга тыюу салынат

Бишкек шаарынын мэриясы ижарадагы муниципалдык мүлккө карата укуктарды ижарачылар менен келишим түзүү аркылуу сатып алууга жол берилбестигин билдирет.

Маалыматка ылайык, муниципалитеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында муниципалдык мүлктү убактылуупайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө чектөө киргизилди.

Ошондой эле муниципалдык мүлктү финансылык-кредиттик мекемелерге күрөөгө коюуга тыюу салынганын маалымдайт.
Бул чаралар муниципалдык мүлктү пайдаланууга байланыштуу талаштуу жагдайлардын келип чыгышын алдын алууга, соттук териштирүүлөргө жол бербөөгө, ошондой эле муниципалдык менчикке ар кандай укуктук оорчулуктардын жаралышына бөгөт коюуга багытталган.

Ижарачылар муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу учурлары аныкталды.

Бишкек шаарынын мэриясы мындай бүтүмдөрдүн тарабы болуп саналбайт жана жаңы пайдалануучу менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартууга кепилдик бербейт.

Мындай укуктарды сатып алган адамдар ижара келишимин узартуудан баш тартуу тобокелдигин өздөрү көтөрүшөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды сак болууга жана мыйзамдуу негиздер болбосо, ижарачылардан муниципалдык мүлккө карата укуктарды сатып алууга байланыштуу эч кандай келишимдерди түзбөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, учурда казан жана турбиналык жабдууларда пландуу оңдоо жүрүп, станциянын негизги системалары текшерилип жатат. Иштер бекитилген план боюнча жүрүп, алдыдагы кышта ЖЭБдин туруктуу иштешин камсыздоого багытталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Ишкер Media
Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, иштин сапаты министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болгон. Мектеп 3 кабаттуу, аянты 3349 чарчы метр. Ичинде заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана

Ишкер Media
Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Того Республикасынын делегациясы Тамчы атайын финансылык-инвестициялык аймагына барып, анын ишмердүүлүгү жана өзгөчө укуктук-салыктык режими менен таанышты. Делегацияны Инвестицияларды илгерилетүү, өнөр жай жана экономикалык эгемендүүлүк боюнча министр-делегат Артур Лилас Тримуа жетектеди. Делегациянын курамында парламенттин мүчөсү, Экономикалык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Мавусси Джоссу Семонджи, сенатор, Каржы маселелери боюнча комитеттин

Ишкер Media
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы ушул күнү кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Быйыл ага 37 жыл толду. Бул күн жыл сайын улуттук тилдин баркын даңазалап, аны сактоо жана өнүктүрүү максатында белгиленип келет. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

Ишкер Media