Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатакана курулат

Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатакана курулат

Кече Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн курула турган жаңы жатаканалар боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө жатаканаларды куруунун долбоордук чечимдери, курулуш иштеринин жүрүшү, сапат талаптары жана белгиленген мөөнөттөр талкууга алынды.

Долбоорго ылайык, Ош шаарында - 9 кабаттуу 720 орундуу, Манас шаарында - 9 кабаттуу 740 орундуу, ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана курулушу күтүлөт.
Министр Нурдан Орунтаев объектилерди курулушун тез арада баштап, долбоордук чечимдерди так сактоо, имараттардын коопсуздугун жана сейсмотуруктуулугун камсыз кылуу негизги талап экенин белгиледи.

Ошондой эле объектилерди сапаттуу куруп, курулуш иштерин бекитилген мөөнөттө - 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

Жыйындын соңунда курулуш иштерин өз убагында уюштуруу, долбоордук талаптарды так сактоо жана объектилердин сапатын камсыз кылуу боюнча жооптуу тараптарга конкреттүү тапшырмалар берилди. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды

Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек

Жалган убада берип, жарандын 40 миң $ алган шектүү адам кармалды

КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады