Дубайда 2026-жылы аба таксилери кызмат көрсөтүп баштайт

Дубайда 2026-жылы аба таксилери кызмат көрсөтүп баштайт

Дубайда 2026-жылы биринчи коммерциялык аба такси кызматын ишке киргизүү пландалып жатканын жана ал үчүн атайын вертипорттор (учуп-конуучу жайлар) курулуп жатканын “Кабар” маалымат агенттиги Казинформ маалыматына шилетеме кылуу менен жазды. 

Маалыматта америкалык Joby Aviation Inc. компаниясы Uber менен биргеликте аба такси кызматын баштоону көздөп жатканы айтылат. Компания электр менен иштеген алты пропеллери бар, төрт жүргүнчү бата турган жана саатына 320 чакырым ылдамдыктаучуучу аппаратты 16 жылда иштеп чыккан.

NBC телеканалы жазгандай, аба таксинин баасы Uber’дин эң кымбат тарифи Uber Black деңгээлинде болот.

Ага буйрутма берүү кадимки такси кызматындай эле жүргүзүлөт. Бирок, бул учуучу унаалар атайын вертипорттордон гана уча алат. Ал жерге кадимки Uber такси аркылуу жетүүгө болот.

Дубайда азырынча төрт вертипорт курулуп жатат. Анын бири Аль-Мактум эл аралык аэропортунда жайгашкан. Бул аэропорттон Дубайдын борборуна жетүүчү 45 мүнөттүк жол аба таксиси менен барса 10 мүнөткө кыскарат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media