Непалда мурдагы реп ырчысы Балендра Шах премьер-министр болушу ыктымал

Непалда мурдагы реп ырчысы Балендра Шах премьер-министр болушу ыктымал

Непалда март айында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында эки таасирдүү саясатчы альянс түзүшкөнүн партия өкүлдөрү жана талдоочулар билдиришкенин "Азаттык" жазды.

Мурдагы рэп ырчысы, кийин Катманду шаарынын мэри болуп шайланган Балендра Шах жекшемби күнү Rastriya Swatantra Party (Улуттук көз карандысыз партиясы, RSP) менен бирикти. Бул партияны мурдагы тележурналисттен саясатчыга айланган Раби Ламичхане жетектейт.

Партия өкүлдөрүнүн айтымында, келишимге ылайык, эгер RSP 5-марттагы шайлоодо жеңишке жетсе, 35 жаштагы Балендра Шах премьер-министр болот, ал эми 48 жаштагы Ламичхане партия лидери бойдон калат.

Экөө тең сентябрь айында болгон, жаштар баштаган "Gen Z" деп аталган жапырт нааразылык акцияларында көтөрүлгөн талаптарды аткарууга убада беришти. 

Ал акциялар кеңири жайылган коррупцияга каршы багытталган жана анын жүрүшүндө 77 адам каза болуп, жыйынтыгында ошол кездеги премьер-министр К.П. Шарма Оли кызматтан кеткен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?