Жаңы жылга караган түнү саат 00.00дө кыз төрөлдү

Жаңы жылга караган түнү саат 00.00дө кыз төрөлдү

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 365 төрөт катталды, анын ичинде төрт эгиз төрөт болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында эки эгиз, Бишкек шаардык перинаталдык борборунда бир эгиз жана Ош шаардык төрөт үйүндө дагы бир эгиз жарык дүйнөгө келген.

Ыкчам маалыматтарга караганда, 31-декабрдын саат 08:00үнөн 1-январдын саат 08:00үнө чейин республика боюнча жалпысынан 177 уул бала жана 190 кыз бала төрөлгөн. Тогуз аялга кесарево операциясы жасалган.

Ал эми 1-январга караган түнү, тактап айтканда саат 00:00дөн 00:10го чейин, 11 ымыркай (беш кыз жана алты уул) төрөлгөн.

2026-жылдын биринчи ымыркайы Иссык-Ата районундагы жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө төрөлгөн. Ал 3 килограмм 915 грамм салмактагы кыз бала.

Эң көп төрөттөр Жалал-Абад облусунда (81), Ош шаарында жана Ош облусунда (68), ошондой эле Бишкек шаарында (69) катталган.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media