Apple компаниясы эң арзан ноутбук –599 долларлык MacBook Neoну чыгарды

Apple компаниясы эң арзан ноутбук –599 долларлык MacBook Neoну чыгарды

Apple компаниясы тарыхындагы эң арзан ноутбук — MacBook Neo моделин тааныштырды. Техникалык жактан алганда, MacBook Neo — бюджеттик ноутбук. Көптөгөн параметрлери боюнча ал күчтүүрөөк жана батареясы узагыраак иштеген кымбат моделдерден артта калат.

Ноутбук алюминий корпуста чыгарылган. Түстөрү: ачык кызгылт, кочкул көк, күмүш түстүү жана жаңы ачык сары. Салмагы — 1,2 кг.

Экран жана камера

  • 13 дюймдук Liquid Retina дисплей
  • Экранынын узун, туурасы: 2408 × 1506 пиксель
  • Жарыктыгы: 500 нитке чейин
  • 1 миллиард түстү көрсөтүүнү колдойт

Жогорку алкакта 1080p FaceTime HD камерасы жайгашкан, бирок Center Stage технологиясы жок.

Процессор

MacBook Neo A18 Pro чипи менен жабдылган. Бул чип мурда iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Maxсмартфондорунда колдонулган.

Кайсы иштерге ылайыктуу

Ноутбук негизинен жөнөкөй иштер үчүн сунушталат:

  • интернетте иштөө
  • документтер менен иштөө
  • сүрөттөрдү жөнөкөй иштетүү
  • фильм көрүү жана музыка угуу

MacBook Air жана MacBook Pro моделдеринен айырмасы

  • экран кичинекей
  • камера жөнөкөй
  • процессор алсызыраак
  • эс тутуму азыраак
  • батареясы 16 саатка чейин иштейт

Баасы: ноутбук 599 доллардан баштап сатылат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media