Кыргызстанда 30 жыл ичинде "Баатыр эне" орденин 42 миң 936 эне алган

Кыргызстанда 30 жыл ичинде "Баатыр эне" орденин 42 миң 936 эне алган

1996-жылдан бери "Баатыр эне" ордени менен 42 миң 936 эне сыйланганын депутат Медер Чотонов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анда "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдиктерин берүү тууралуу токтом долбоору талкууланды.

Анын айтымында, алардын ичинен 31 миң 302 баатыр эне учурда пенсияда.

"Бул статус үчүн пенсияга кошумча төлөм 1 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, пенсияга чыга элек 75 баатыр эне бар. Алар ай сайын 3 миң сом жөлөк пул алышат. Ушуну менен мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо аяктайт. Ошондуктан баатыр энелерди жана алардын балдарын колдоону каалап жатабыз", — деди Медер Чотонов.

Ал акыркы жылдары өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын саны 20–30 миңге кыскарганын белгиледи.

"Белгилүү болгондой, демография менен экономика түздөн-түз байланыштуу. Бул токтом республикада демографиялык кризистин алдын алууга багытталган", — деп кошумчалады Медер Чотонов.

Мындан тышкары окуңуз

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн

Ак-Суу жана Түптөгү инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүлдү

Ак-Суу жана Түптөгү инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүлдү

Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан бир катар инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Жумушчу сапардын алкагында агенттиктин өкүлдөрү райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана инвесторлор менен биргеликте инвестициялык объекттердин учурдагы абалы менен таанышты. Атап айтканда, Ак-Суу районунда калдыктарды утилдештирүү долбоору, ал эми Түп районунда