"Майкл" тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койду

"Майкл" тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койду

Майкл Жексондун тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койгонун Associated Press агенттигине шилтеме кылуу менен "Казинформ" жазды. 

Маалыматка караганда, кирешенин 97 млн доллары АКШ жана Канададан чогулган.
Тасма музыканттардын өмүр баянын чагылдырган кинолор боюнча жаңы рекорд койгон. Мурда жанрдын эң мыкты ачылыштарын өткөргөн "Straight Outta Compton" жана "Bohemian Rhapsody" сыяктуу долбоорлордон ашып түштү.

Башкы ролду ырчынын жээни Жаафар Жексон ойногон.

"Майкл" тасмасы Голливуддагы жазгы сезонду улантты. Кассадагы башка хиттердин катарына Amazon MGM Studios компаниясынын "The Hail Mary Project" жана Universal компаниясынын "Супер Марио: Галактика" тасмалары кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Борбордук Азия жана ШКУнун кызматташтыгы боюнча эл аралык конференция өттү

Борбордук Азия жана ШКУнун кызматташтыгы боюнча эл аралык конференция өттү

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 12-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн "Борбордук Азия – ШКУнун өзөгү: тынчтык жана биргелешкен өнүгүү мейкиндиги" аттуу конференцияга катышты. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Борбордук Азиянын ролун чыңдоо, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой

Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу боюнча пландуу иштер аткарыларын маалымдайт. Ушуга байланыштуу бүгүн саат 09:00дөн 17:00гө чейин бир катар даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Чектөө төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот: * Панфилов көчөсү:

Бостериде курулуш талаптарын бузган компания 235 миң сом айыпка жыгылды

Бостериде курулуш талаптарын бузган компания 235 миң сом айыпка жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Бостери айылындагы курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Карагай курортунун курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, темир-бетон конструкцияларын курууда бекитилген долбоордук чечимдер сакталбаганы жана дубал конструкцияларынын сапатына коюлган

Эмгек министрлигинде жарандардын кайрылуулары каралды

Эмгек министрлигинде жарандардын кайрылуулары каралды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жарандарды кабыл алып, бир катар социалдык маселелер боюнча кайрылууларды укту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кабыл алууда калкты социалдык жактан коргоо, жеке ассистент дайындоо, майыптуулук тобун өзгөртүү, улгайган жарандарды карылар үйүнө жайгаштыруу, социалдык контрактты ишке