Казакстанда дагы бир тилге расмий макам берилиши күтүлүүдө

Казакстанда дагы бир тилге расмий макам берилиши күтүлүүдө

Казакстанда жаңдоо тилине расмий статус берүү маселеси каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мажилистин жумушчу тобу колдоду. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө угуу жана сүйлөөсүнөн мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңден ашуун адам жашайт. Алардын 5 миңге жакыны жаш балдар. Көпчүлүгү үчүн жаңдоо тили негизги байланыш каражаты болуп саналат, бирок коомдук жайларда алардын тили түшүнүксүз бойдон калып келет.

Мажилистин депутаты Екатерина Смолякованын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөрдү өкмөт колдоп, жумушчу топ демилгени бир добуштан кабыл алды.

“Кургак сандардын артында ар дайым реалдуу окуялар жатат. Адам ооруканада өзүн түшүндүрө албаса, кызмат ала албаса, угулбаса... Албетте, бул акыркы чекит болбой. Бирок жаңдоо тили расмий статуска ээ болгон кезде, бул абдан маанилүү кадам болот” - деди Смолякова.

Анын пикиринде, бул жөн гана тилди символикалык түрдө таануу эмес, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик кызматтар, сот адилеттиги жана маалымат сыяктуу негизги укуктарга жетүү болуп саналат.

Демилге Казакстандын Дүлөйлөр коомунун кайрылуусунан кийин көтөрүлүп, депутат Нургүл Тау тарабынан киргизилген.  

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул - Беш-Таш унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды

Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү