“Менин шаарым” тиркемесинде “Түнкү каттамдар” функциясы ишке кирди

“Менин шаарым” тиркемесинде “Түнкү каттамдар” функциясы ишке кирди

“Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде жаңы “Түнкү каттамдар” функциясы ишке кирди. Ал түнкү убакта коомдук транспорттун иши тууралуу маалыматты тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы бөлүмдө колдонуучулар түнкү убакта каттаган автобус каттамдарынын тизмеси менен таанышып, өзүнө ыңгайлуу багытты тандай алышат. Учурда № 3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55-автобус түнкү каттамдарды аткарышат.

Бул функция кеч же түн ортосунда үйгө кайтып келгендер, түнкү нөөмөттө иштегендер, жакындарын тосуп же узаткандар, ошондой эле багытын алдын ала пландаштыруу маанилүү болгон шаар тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө пайдалуу. 

Кызматты колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесин ачып, "Транспорт" бөлүмүнө өтүп, андан кийин "Түнкү каттамдарды" тандаса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна

Бакай-Атада ишкер мөмө-жемиштерди сактап, чет өлкөгө экспорттоону көздөйт

Бакай-Атада ишкер мөмө-жемиштерди сактап, чет өлкөгө экспорттоону көздөйт

Талас облусунун Бакай-Ата районунда "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алгандардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинии эл аралык долбооорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдиргендей, долбоордун адистери жеке ишкер Тунук Атакулованын мөмө-жемиш сактоочу кампасына барышты. Ишкер жеңилдетилген насыя алып, каражатка

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 түзөтүү колониясына жана Манас шаарындагы №53 тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Медербек Усаров соттолгондор жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кайрылууларын укту. Маалыматка ылайык, айтылган маселелердин айрымдары боюнча

Ошто коопсуздук талабын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук талабын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ош шаарында курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайда курулуш талаптарынын бузулушу аныкталып, компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамыров көчөсү, 54 дарегиндеги объектти текшерүү учурунда турак жай үчүн казылган котлован курулуш аянтынын тосмосунан чыгып, үчүнчү жактар үчүн