Европадагы корпоративдик карызы эң жогорку 7 өлкө

Европадагы корпоративдик карызы эң жогорку 7 өлкө

Евростаттын 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, Европа Биримдигине мүчө айрым өлкөлөрдө корпоративдик карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 85 % чегинен ашкан. Бирок адистер бул көрсөткүчтөрдү өлкөлөрдүн бизнесинин финансылык абалы эмес, көбүнчө эл аралык компаниялардын каржылык операциялары аныктап жатканын белгилешет.

Euronews басылмасы Еврокомиссиянын маалыматына таянып, Европа Биримдик боюнча корпоративдик карыз ИДӨнүн 70,1%ын, ал эми еврозонада 71,6%ын түзгөндүгүн жарыялады. Бул акыркы жыйырма жылдагы эң төмөнкү деңгээлдердин бири болуп эсептелет. Корпоративдик карызы эң жогору өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкүчө:

-        Люксембург – 251,1%
-        Дания – 115,4%
-        Швеция – 108,6%
-        Кипр – 107,3%
-        Нидерланд – 106,3%
-        Франция – 91,6%
-        Бельгия – 90,6%

Эксперттердин айтымында, Люксембург, Нидерланд, Кипр жана Бельгия сыяктуу өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү алардын эл аралык финансылык борбор катары кызмат кылганы менен түшүндүрүлөт. Бул мамлекеттерде миңдеген холдингдик жана эл аралык компаниялар катталгандыктан, статистикада карыздын көлөмү жогору болууда.

Ал эми Францияда корпоративдик карыздын жогорку деңгээли статистикалык өзгөчөлүк эмес, реалдуу экономикалык тобокелдик катары бааланууда. Франциянын Борбордук банкы өлкө компанияларынын карыздык жүгү еврозонадагы ири экономикалардын ичинен эң жогоркуларынын бири экенин белгилейт.

Ошол эле учурда мамлекеттик карызы эң жогору өлкөлөрдүн катарына кирген Греция менен Италияда корпоративдик карыз салыштырмалуу төмөн бойдон калууда. 2025-жылдын аягында бул көрсөткүч Грецияда 58,6%, Италияда 55,1% болгон.

Адистердин белгилешинче, корпоративдик карыздын жогорку деңгээли дайыма эле экономиканын алсыздыгын билдирбейт. Көп учурда бул эл аралык компаниялар кайсы өлкө аркылуу өз каржылык операцияларын жүргүзөрүн чагылдырат. Франция болсо корпоративдик карыз чындап эле ички бизнеске байланышкан өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында архивдин жаңы имараты 5 млн 343 миң сомго каржыланды

Манас шаарында архивдин жаңы имараты 5 млн 343 миң сомго каржыланды

Архив кызматынын 100 жылдыгына карата Манас шаардык мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Жалал-Абад облус башчысынын биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, мэрдин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу жана архив кызматкерлери катышты. Жаңы имарат архивдик

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас”  аба майданынын абалын текшерди

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас” аба майданынын абалын текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ири жаңылоодон кийин “Манас” эл аралык аба майданына пландан тышкары барып, анын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Президент аэропорттун аймагын, жүргүнчүлөрдү жана чет элдик делегацияларды тосуп алуу залдарын көрүп чыгып, жакынкы күндөрү өтө турган ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курула турган адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, министрлер, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер катышты. Марлен Маматалиев жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, заманбап деңгээлде дарылоого

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик