Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты.

Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аткезчилик жол менен алынып келинген алтын буюмдардын жалпы баасы 450 млн сумга бааланууда.

Билдирүүгө караганда, мындан сырткары дагы бир чет элдик аял 14 жаштагы кызынын кийиминин астына 40 миң $ акчаны аткезчилик жол менен жашырып, өлкөдөн алып чыгууга аракет кылып, Бажы комитети тарабынан дароо токтотулган.

Жогорудагы келтирилген 2 окуя боюнча атайын иликтөөлөр уланууда.

Ушуга байланыштуу бажы комитети жашы жете электерди кылмыштарга аралаштыруу - оордотуучу жагдай деп эсептелерин жана кылмышка катышуу учурдагы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media