Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады.

Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын ишин диспетчердик борбордогу оператор алыстан көзөмөлдөйт.

Иштеп чыгуучулардын маалыматына караганда, бир оператор бир убакта төрт поездге чейин көзөмөлдөй алат. Зарыл болгон учурда ал поездди алыстан токтотуп, эшиктерди, кондиционерди жана башка системаларды башкара алат.

Система жолдогу тоскоолдуктарды жана белгилерди автоматтык түрдө таанып, кооптуу жагдай жаралса поездди өзү токтото алат. Иштеп чыгуучулар бул технология ачык темир жол инфраструктурасында жүргөн поезддер үчүн дүйнөдө теңдеши жок экенин белгилешүүдө.

Айдоочусуз поезддердин сыноодон өтүшү Россияда транспортту автоматташтыруу багыты күчөп жатканын көрсөтөт. Буга чейин Москвада айдоочусуз таксилерди сыноо жана ишке киргизүү боюнча долбоорлор башталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу