Саякат үчүн мыкты топтом жана Кыргызстандын картасында жаңы жер. Шаар аралык Яндекс Go “Элдик гид” сынагын баштады

Саякат үчүн мыкты топтом жана Кыргызстандын картасында жаңы жер. Шаар аралык Яндекс Go  “Элдик гид” сынагын баштады
Шаар аралык Яндекс Go “Элдик гид” туристтик долбоорун баштагандыгын билдирди. Демилге Кыргызстандын белгилүү туристтик багыттарынан башка жакта жайгашкан белгисиз жана кооз жерлерди таанытып, жаңы маршруттарды түзүүгө багытталган. Жеңүүчүлөрдү туризм үчүн керектүү баалуу сыйлыктар күтөт.

Кыргызстан өзүнүн жаратылышы менен белгилүү, бирок өлкөдөгү көптөгөн керемет жерлер соцтармактарда чагылдырылбай келет. Андыктан сынактын уюштуруучулары Кыргызстанды жаңыча ачууга — кооздугу менен таң калтырып, өзгөчө эсте калаарлык жерлер менен бөлүшүүгө чакырат.

Катышуунун шарты:

-        Ачык Instagram профилде сүйүктүү жер тууралуу Reels же фотокаруселди жарыялоо;
-        Сүрөттөмөсүндө пайдалуу маалымат менен бөлүшүү (мисалы: кайдан даамдуу тамактанса болот, тынч уктай турган жер, кайсы убакта күндүн эсте каларлык батышын көрүүгө болот);
-        Геобелги же координат кошуу;
-        #Ятут хэштегин колдонуу;
-        @yandex.go.kyrgyzstan аккаунтун белгилеп, ага жазылуу;
-        Жыйынтык чыгарылганга чейин маалыматты өчүрбөө жана аккаунтту ачык калтыруу.

Сынакка 15-октябрга чейин катышууга болот. 20-октябрда калыстар тобу жыйынтык чыгарып, билдирүүсү менен Кыргызстанды жаңыча ачып бере алган катышуучуларды аныктайт.

Эң мыкты үч билдирүүнүн автору - саякат үчүн керектүү жабдыктардын топтомун алышат: эки кишилик чатыр, уктоочу жууркан кап, каремат жана белгилүү бренддердин бир катар туристтик жабдуулары. Мындан тышкары, дагы 10 катышуучу Яндекс Goнун мерчин жана шаар аралык промокодун алат. Мыкты окуялар жана чырк этмелер расмий видеоальманахка киргизилип, тандалган керемет жерлер Кыргызстан боюнча жаңы жол көрсөтүүчүнүн бир бөлүгү катары Яндекс Картасынын атайын бөлүмүндө пайда болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media