Көрүүнү калыбына келтирүүчү чипти Европада сатууга уруксат берилди
Көрүү жөндөмүн калыбына келтирүүгө багытталган PRIMA аттуу чипти Европада сатууга уруксат берилди. Аны мээ менен компьютердин интерфейсин иштеп чыккан Science Corporation стартабы иштеп чыккан.
Европанын медициналык шаймандарды жөнгө салуучу органы компанияга түзмөктү коммерциялык негизде сатууга уруксат берген. Бул технологияны жаш куракка байланыштуу макулярдык дегенерациядан (ЖКМД) улам көрүүсүн жоготкон адамдар колдонушу мүмкүн.
ЖКМД көздүн арткы бөлүгүндөгү жарыкты сезүүчү клеткаларды жабыркатат. Оорунун айынан адамга китеп окуу жана адамдардын жүзүн таануу кыйындайт. Бул илдет дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамда кездешет.
PRIMA технологиясы көздүн торчосуна орнотулган кичинекей чип жана атайын көз айнек аркылуу иштейт. Көз айнектеги камера айлана-чөйрөдөгү сүрөттү чогултуп, аны имплантка жөнөтөт. Система алынган маалыматты иштетип, көрүү сигналдарын мээге жеткирүүгө жардам берет.
Компаниянын маалыматына ылайык, алгачкы түзмөктөрдүн баасы жогору болот. Бирок өндүрүш көлөмү көбөйүп, технология массалык түрдө чыгарылганда анын баасы кыйла төмөндөшү мүмкүн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу