Бишкектеги таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна тендер март айында жарыяланат – бюджет 22 млн евро
2022-жылдын 10-февралында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) электрондук сатып алуулар сайтында Бишкек шаарында таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу боюнча боло турган тендер тууралуу билдирүү жарыяланган. Маалыматка ылайык, божомол боюнча тендер 2022-жылдын 15-мартында жарыяланаарын Бишкек мэриясынын сайтында айтылат. Эске салсак, заводдун курулушу ЕРӨБдүн долбоору менен каржыланат. Бюджети 22 млн еврону түзөт,