акыркы жаңылыктар

1-октябрдан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлөт

1-октябрдан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров “КРнын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана КРнын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин

Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунда кырдаал туруктуу  - Чек ара кызматы

Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунда кырдаал туруктуу - Чек ара кызматы

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 20-сентябры саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады.  19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.  Мамлекеттик чек

Чек арада куралдуу кол салуудан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоого 54.8 млн сом түштү

Чек арада куралдуу кол салуудан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоого 54.8 млн сом түштү

Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бүгүн, 19-сентябрда саат 15:00гө карата маалымат берди. “Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо үчүн КРнын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 54 817 903 сом сом өлчөмүндө каражат түштү”, – дейт министрлик.  Эгерде сиз дагы Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык

Баткен облусуна жалпысынан 584 тонна гумжардам жеткирилди - ӨКМ

Баткен облусуна жалпысынан 584 тонна гумжардам жеткирилди - ӨКМ

Бүгүн, 19-сентябрь саат 15:00гө карата маалыматка ылайык, Батккен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда - ИИМ

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда - ИИМ

Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. ИИМден кабарлашкандай, учурда КРнын жана Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча КРнын

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар - президент элге кайрылды

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар - президент элге кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. Анда Жапаров куралдуу кагылышта шейит болгондордун үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнуна алаарын жана талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүгө бюджетте жетишерлик каражат бар экенин билдирди. “Эр жигит эл

ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди

ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди

Куралдуу кагылышуудан азыркы маалымат боюнча 282 турак-жай, 3 стратегиялык объект, 9 соцобъект, 300гө жакын чарба курулуштары, 9 унаа өрттөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда КР ӨКМ маалыматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Чамашев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ӨКМ Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө. “Куралдуу

Энергетиктер Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүүнү улантышат

Энергетиктер Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүүнү улантышат

Бүгүн, 19-сентябрда өндүрүштүк оңдоо-түзөө иштерин бөлүштүрүү үчүн Баткен электр тармактар ишканасынын базасында энергетиктер чогулушту. Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Улуттук аза күтүү күнү бир мүнөттүк эскерүү жана курман болгондор үчүн куран окулуп башталды. “Бүгүн Баткен облусун электр энергиясы менен камсыздоону жандандыруу боюнча иштер активдүү

Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү

Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү

КРнын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бүгүн, 19-сентябрь саат 10:00-гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо үчүн КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 26 млн сом өлчөмүндө каражат түшкөнүн кабарлады. Эгерде сиз дагы Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз,

КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт

КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон турат. Андыктан КР менен Тажикстандын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам – Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты. Был тууралуу КРнын ИИМи билдирди. «Ички иштер министринин биринчи орун басары

Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти

Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 19-сентябрь саат 9:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 163кө жеткенин билдирди. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына бир түн ичинде  19 жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн кайрылган  анын ичинен 12 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.  “Ооруканаларда жалпысынан 144 адам

ӨКМ: Баткенде 136 миң жаран коопсуз жайга эвакуацияланды, жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

ӨКМ: Баткенде 136 миң жаран коопсуз жайга эвакуацияланды, жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

Бүгүн, 19-сентябрда саат 08.00гө карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) иштеп жатат. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан