Ала-Бука районунда логистикалык борбордун курулушу башталды
Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында логистикалык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, аталган борбордо айыл чарба продукциясын сактоо жана экспорттоо, ошондой эле жүн менен терини кайра иштетүү боюнча иштер жүрөт. Ошондой эле ал жерде эки миңдей жумушчу орун түзүлөрү болжолдонуп