Экономика
Кытайлык пион өстүрүү борбору Кыргызстанда пион өстүрүүгө кызыкдар
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Бектен Бекболотовдун катышуусунда Кытай Эл Республикасынан келген Heze Peony Development Service Center уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Маалыматка ылайык, Heze Peony Development Service Center — Хэцзэ шаарындагы пион тармагын өнүктүрүүгө адистешкен борбор болуп саналат. Бул шаар дүйнө