акыркы жаңылыктар

Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят

Экономика

Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун 2025-жылдын декабрындагы баяндамасында аналитиктер Кыргызстанда орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин салыктык кирешелери кыскарышы мүмкүн экенин билдиришкен. Баалоолорго ылайык, 2024–2025-жылдары салыктык түшүүлөр ички дүң продукциянын (ИДП) 20,7%ын түзгөн. Аналитиктердин күтүүсүнө караганда, 2026-жылы бул көрсөткүч 19,7%га чейин төмөндөйт. 2027-2028-жылдары салыктык кирешелер тиешелүүлүгүнө жараша

Мэриянын кызматкери 1 млн сом пара алуу шеги менен кармалды

Бийлик

Мэриянын кызматкери 1 млн сом пара алуу шеги менен кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын кызматкери кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, А.К.Ш. аттуу кызматкер 1 миллион сом өлчөмүндөгү параны алып жаткан учурда кармалган. УКМК белгилегендей, муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тендердин жалпы суммасынан 10%

JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт

Экономика

JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте агенттиктин директору Эльчибек Джантаев менен Кыргызстандагы Япониянын элчиси Хирано Рюитинин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык, анын ичинде JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктары талкууланды. Маалыматка ылайык, JDS долбоорунун алкагында

Алименттен качкан 1,2 миңден ашык адам издөөдө

Коом

Алименттен качкан 1,2 миңден ашык адам издөөдө

Кыргызстанда алимент төлөөдөн системалуу түрдө качкан 1 миң 200дөн ашык жаран издөөдө экенин Башкы прокуратура "Кабар" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 1 миң 205 алимент төлөбөгөн адамга расмий түрдө издөө жарыяланып, алар боюнча аткаруу өндүрүштөрү убактылуу токтотулган. Өткөн жыл ичинде алимент төлөөдөн туруктуу баш

Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Кыймылсыз мүлк

Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Саудия өнүктүрүү фондунун 50 млн доллар өлчөмүндөгү насыянын эсебинен 14 билим берүү имараты куруларын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы мектептер жана кошумча корпустар курула турган жерлер аныкталган. Бишкек шаарында курулуучу мектептер: Биримдик Кут турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп; Алтын

Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт

Кыймылсыз мүлк

Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт

Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында мектептердеги орун жетишсиздиги боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктарын билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп бар. Алардын долбоордук кубаттуулугу 104 миң 117 орунду түзөт, ал эми окуучулардын жалпы саны 261 миң 107 бала. Ошондой эле ал борбор калаанын райондору

Айыл чарба министри  фермерлер менен салык маселесин талкуулады

Коом

Айыл чарба министри фермерлер менен салык маселесин талкуулады

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Төрөбаев фермерлерди жеке кабыл алды. Жарандар кабыл алууга алдын ала катталып, бекитилген графикке ылайык келишкен. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууга министрдин орун басарлары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген фермерлер жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышты. Кабыл алуу

Былтыр Таласка 35,6 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 32 трансформатордук пункт ишке берилди

Энергетика

Былтыр Таласка 35,6 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 32 трансформатордук пункт ишке берилди

Талас облусунда энергетикалык тармак 2025-жылга койгон планын толугу менен аткарды. Облус боюнча 35  600 даана жаңы акылдуу эсептегич орнотулду, 32 даана трансформатордук пункт ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аба чубалгыларда реконструкция иштеринде 0,4 кВ линияларда 463, 10 кВ линияларда 200 мамыча жаңыртылып, жаңы СИП-3 зымдары тартылды. Жаңы

Жаңы Эмгек кодексинде аралыктан иштөөчүлөрдүн укугу корголот

Коом

Жаңы Эмгек кодексинде аралыктан иштөөчүлөрдүн укугу корголот

Аралыктан иштеген кызматкерлердин укуктары иш берүүчү тарабынан түзүлгөн эмгек келишимине ылайык корголорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Камчыбек Досматов 22-январда парламент жыйынында билдирди. Депутат Улукбек Карыбек уулу дистанциялык режимде иштеген кызматкерлердин укуктары кандайча корголорун сурады. Ага жооп берген Камчыбек Досматов Эмгек кодексинин жаңы редакциясына дистанциялык иштөө

GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда 3 жаңы ЖЭС курууга кызыкдар

Энергетика

GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда 3 жаңы ЖЭС курууга кызыкдар

Энергетика министри Таалайбек Ибраев GPRC, NRP жана KCG компанияларынын Консорциумунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун алкагында министр өлкөнүн энергетика системасынын акыркы жылдардагы өнүгүүсү жана жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу маалымдады. Министр Консорциумду Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялар ар бири

Ысык-Көлдө чатыры ураган мектеп боюнча Курулуш министрлигинин түшүндүрмөсү

Коом

Ысык-Көлдө чатыры ураган мектеп боюнча Курулуш министрлигинин түшүндүрмөсү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылындагы 150 орундуу Ислам Касмалиев атындагы мектептин чатыры 18-январда калың кардын кесепетинен урап түшкөн. Бул боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түшүндүрмө берди. Мектеп пайдаланууга берилген эмес, себеби чатыр орнотуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан кабыл алынган эмес. Курулуш “Ас-Салам” фонду тарабынан

Былтыр өлкө боюнча 279 жаңы трансформатор орнотулган

Энергетика

Былтыр өлкө боюнча 279 жаңы трансформатор орнотулган

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 2025-жылы 279 даана жаңы трансформатор орнотуп, 366 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатты. Жалпы 645 трансформаторго жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, трансформатор орнотуу иштери бардык региондордо аткарылды: * Бишкек — 69 даана * Баткен — 95 даана * Жалал-Абад — 113 даана * Ысык-Көл — 61 даана * Нарын — 77