Былтыр Таласка 35,6 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 32 трансформатордук пункт ишке берилди

Былтыр Таласка 35,6 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 32 трансформатордук пункт ишке берилди

Талас облусунда энергетикалык тармак 2025-жылга койгон планын толугу менен аткарды. Облус боюнча 35  600 даана жаңы акылдуу эсептегич орнотулду, 32 даана трансформатордук пункт ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Аба чубалгыларда реконструкция иштеринде 0,4 кВ линияларда 463, 10 кВ линияларда 200 мамыча жаңыртылып, жаңы СИП-3 зымдары тартылды. Жаңы линия курууда 276 мамыча орнотулду. 167 трансформатор капиталдык оңдоодон, 1  234 даана техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү, 3  300 фарфор изолятор айнек изоляторго алмаштырылды.

110 кВ “Семетей–Победа” аба чубалгысында 47 чакырым узундуктагы зымдар жана жабдуулар толугу менен жаңыртылды, 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо 30 жабдык капиталдык оңдоодон, 1 608 жабдык техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга негизги кадам болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media
Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк

Ишкер Media
Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media