акыркы жаңылыктар

Түптө 210 млн сомго бала бакча курулду

Коом

Түптө 210 млн сомго бала бакча курулду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында 275 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Имарат эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзөт жана бардык заманбап шарттар менен жабдылган. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 210 миллион сомго жасалган. Долбоорду ишке

Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

Коом

Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

3-ноябрдан тарта Кыргызстанда 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор колдонууга берилди. Жаңы паспортту алуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт, азыркы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат. Жаңы документтердин негизги максаттары: мамлекеттик желектин өзгөрүшүнө ылайыкташтыруу, улуттук өндүрүштү күчөтүү, чек арада коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана документтерди жасалмалоодон коргоо. Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, “Учкун”

Өкмөт төө буурчактын баасын турукташтыруу үчүн 100 млн сом бөлдү

Коом

Өкмөт төө буурчактын баасын турукташтыруу үчүн 100 млн сом бөлдү

Министрлер Кабинети фермерлерди колдоо жана ички рыноктогу фасоль бааларын турукташтыруу максатында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКга төө буурчак (фасоль) сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Фермерлерден фасолдун килограммын 95 сомдон сатып алууда. Бул баа башка сатып алуучулардын сунуштарынан (92 сом) жогору

Сокулукта мыйзамсыз таштанды төгүлгөн 8,5 гектар жер аныкталды

Коом

Сокулукта мыйзамсыз таштанды төгүлгөн 8,5 гектар жер аныкталды

Сокулук районунун аймагында мыйзамсыз таштанды төгүү фактысы катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгына жергиликтүү тургундардан муниципалдык автоунаалар мыйзамсыз таштанды төгүп жатканы тууралуу кайрылуу түшкөн. Маалыматтын негизинде 2025-жылдын 4-октябрында адистер жеринде текшерүү жүргүзүп, Күнтуу айыл өкмөтүнүн Токбай айылынын чыгыш тарабында жалпы аянты

Тогуз айда балык уулоодон түшкөн киреше 11,8 млн сомду түздү

Коом

Тогуз айда балык уулоодон түшкөн киреше 11,8 млн сомду түздү

КРнын Балык өнөр жайы комплекси 2025-жылга спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн республикадагы суу объектилеринде лимит бекитти. Бул иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында коомдук бирикмелер жана жоопкерчилиги чектелген коомдор менен келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинен билдиришти. Мындан сырткары, "АгроСмарт" мамлекеттик ишканасы Департаменттин катышуусунда электрондук балык уулоо билет системасын иштеп

КРУБ алтын куймаларына 10 жыл. Инвестиция катары алгандардын саны өсүүдө

Бизнес маек

КРУБ алтын куймаларына 10 жыл. Инвестиция катары алгандардын саны өсүүдө

Валютанын кайсы түрү болбосун кайсыл бир кезде өз кунун жоготуп алуу тобокелдигине ээ болот. Андыктан көпчүлүк экономист, серепчилер акчаны алтын менен узакка сактоо бир кыйла пайдалуу жана келечектин инвестициясы болоорун айтып келишет. КРнын Улуттук банкы өлкөбүздүн жарандарына каражатты алтын куймада сактоого мүмкүнчүлүк түзүп бергенине быйыл туура он жыл болду. Андан

Өлкө башчы “чексиз тариф” боюнча Энергетика министрин сынга алды

Бийлик

Өлкө башчы “чексиз тариф” боюнча Энергетика министрин сынга алды

Президенти Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге

Кыргызстан Борбор Азияда "Бирдиктүү ден соолук" программасынын теңтөрагасы болду

Коом

Кыргызстан Борбор Азияда "Бирдиктүү ден соолук" программасынын теңтөрагасы болду

Кыргызстандын ветеринария, мал чарба, жайыт жана тоют кызматтарынын адистери Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү пандемияга каршы жана азык-түлүк системаларынын туруктуулугуна арналган регионалдык конференцияга катышты. Бул тууралдуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында "Бирдиктүү ден соолук" программасы боюнча Регионалдык координациялык кеңеш (РКК) түзүлүп, Кыргызстан анын теңтөрагасы

Мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып пул салынды

Банктар

Мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (К.Б.Дж.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Талап боюнча алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн Улуттук банктын лицензиясы бар атайын жабдылган пунктта гана юридикалык жактар

Эмгек министрлиги мыйзамдарды так сактоону эскертти

Коом

Эмгек министрлиги мыйзамдарды так сактоону эскертти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдарга майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо мыйзамдарын так сактоону эскертти. Эмгек кодексинин 155-беренесине ылайык, кызматкерлердин саны 25 жана андан көп болгон уюмдар жалпы кызматкерлеринин кеминде 4%ы майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын камсыздашы керек. Азыркы мыйзамда жумушка кабыл

Мэрия: Бишкектеги баш калкалоочу жайлар кышка даяр

Коом

Мэрия: Бишкектеги баш калкалоочу жайлар кышка даяр

Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Октябрь районундагы А. Токомбаев көчөсү, 1а дарегиндеги баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкташкан. Учурда оңдоо иштери аяктап, төшөнчүлөр, дары-дармектер жана бир жолку ысык тамак берүүгө мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жылытуу

Азия өнүктүрүү банкы билим берүү уюмдарын куруу жана модернизациялоого кызыкдар

Коом

Азия өнүктүрүү банкы билим берүү уюмдарын куруу жана модернизациялоого кызыкдар

Кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү маселесин Азия өнүктүрүү банкы менен Агартуу министрлигинин өкүлдөрү талкуулашты. Тараптар кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү, окутуунун сапатын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө арналган «Көндүмдөрдү өнүктүрүү системасын трансформациялоо программасы» тууралуу талкуу жүргүзүштү. АӨБнин өкүлдөрү белгилегендей, негизги багыттардын бири коопсуздукка жана сейсмотуруктуулукка өзгөчө көңүл буруу менен